Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм, жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.
Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү «макка» дейт,
Байке дебей «ава» дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-вай-вай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайынсиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.
Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү «макка» дейт,
Байке дебей «ава» дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-вай-вай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Кайырма:
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү «макка» дейт,
Байке дебей «ака» дейт.
Сөздөрүңө байланамда карындашым, вай-вай-вай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Добавить комментарий