Суурулуп сөз чыкпайт мындайда,
Суу жетпей кургаган таңдайга.
Электеп кол жаңсап чакырам,
Элесиң турганда маңдайда.
Суранам, сенден суранам,
Суусаттың, кайда убадаң?
Алыстан издеп сен келсең,
Акталар эле убараң.
Өтүнөм, сенден өтүнөм,
Өзөктөн онго бөлүнөм.
Айылыма издеп келатсаң,
Алдыңдан нур болуп төгүлөм.
Жүрчү элек үстүндө булуттун,
Капырай, кантип сен унуттуң?
Төлгөлөп отурам жол ачып,
Аттиң, эмне мынча куруттуң?
Суранам, сенден суранам,
Суусаттың, кайда убадаң?
Алыстан издеп сен келсең,
Акталар эле убараң.
Өтүнөм, сенден өтүнөм,
Өзөктөн онго бөлүнөм.
Айылыма издеп келатсаң,
Алдыңдан нур болуп төгүлөм.
Бара албайм алдыңа шар жетип,
Баратам ансайын шай кетип.
Айламды таба албай турганда,
Ай болуп чыга кел жарк этип.
Суранам, сенден суранам,
Суусаттың, кайда убадаң?
Алыстан издеп сен келсең,
Акталар эле убараң.
Өтүнөм, сенден өтүнөм,
Өзөктөн онго бөлүнөм.
Айылыма издеп келатсаң,
Алдыңдан нур болуп төгүлөм.
Добавить комментарий
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.