Бийиктикте максат бизди күтүп жатат.
Аспандагы максатыбыз баарыбызга жагат. (2р)
Ритм менен кыймылда,
Бір орунда сен турба.
Тартынба, уялба
Сен адамсын бул турмушта.
Ошондыктан ар бир адам
келечекке үмүт менен умтулсун.
Уул кыздары ушул жолдо колдосун.
Жалындап биз, жалындап биз,
Жалындап оттой жанабыз бийиктикте! (2р)
Толкунга кошул угарман биз менен бирге,
Жетебиз көздөгөнгө чогу кошулсаң бизге.
Жаңы сезимдер, жаңы жер, элдер менен бирге,
Жалындап оттой жанабыз биз бийиктикте.
Ай-ай-ай. «Керекпи өзүңе?» дегендер кайда?
Сен жай-жай-жай кыймылдагын тез-тез алга.
Калтыр көзүнчө, акыл сөзүңө «өзүнчө» деп
Бөлүнгөндөрдүн көзүнчө.
Өскүн өзүнчө, сен билгин өзүнчө мес,
Жаман ойыңды кес!
Жаштык ушундай болот турбайбы,
Жаш кезде бийлеп жыргайлы.
Жүрөктөр таза кезинде,
Жакындарымыз менен жыргайлы.
Толкунга кошул угарман биз менен бирге.
Жетебиз көздөгөнгө чогу кошулсаң бизге.
Жаңы сезимдер, жаңы жер, элдер менен бирге,
Жалындап оттой жанабыз биз бийиктикте.
Жалындап биз, жалындап биз,
Жалындап оттой жанабыз бийиктикте! (2р)
М-м-м… Кыялым алыстарга учуп барат.
Сезимдерге күч берип канат байлап… байлап… байлап…
Көңүлүм бийиктикти гана самап,
Жүрөгүм оттой күйүп жанат.
Жалындап биз, жалындап биз,
Жалындап оттой жанабыз бийиктикте! (2р)
О-о-о-о! Бийиктикте!
О-о-о-о! Бийиктикте!
О-о-о-о! Бийиктикте!
Жалындап оттой жанабыз бийиктикте!
Добавить комментарий
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.