Ашууларды аша албай ай кырат атаң эй.
Оо төө калган ташыркап баса албай,
Сүттү сүрөп бээ калган.
Канатынан ажырап тирүүнүн көбү жөө калган.
Алай дүлөй бороонду тайгактардан жол чалган.
Жаза басып муз жарын ошо күбүрдө калган дөө балбан.
Өткөрбөй чектен кытайдын черүүсү кана тоскон балдырап,
Нагайларын түмөн караткан ийнинде мылтык салбырап.
Куралдан коркуп калган эл боюнда жок ал кубат.
Түшүнбөй тили сөзүнө нес болушкан жалдырап.
Жандашуу менен зордука алар берген күлүк аргымак.
Кыз келиндер салынган күмүштөн сөйкө билерик,
Үбөктүн ач көз черүүлөр кызыга гана имерип.
Шууру тартма шолпунун байлоосун жулуп жиберип,
А мерке маасы өтүктү тартышып сууруп чиренип.
Калтырбай тоношкон ошо каптарга кана олжо тирелип.
Булгары тердик зымпоо чер оймолоп
Кыял салынган көмөлдүрүк куюшкан.
Жүгөндөр күмүш чабылган.
Зергердин баалап эмгегин атка же бээге алынган,
Жерүүлөр тоноп нечендер ырайым кыл деп зарылган.
Мажбурлап тартып алышкан сөөлөттүү бектер табылган.
Тонолуп өтүп белдерден бергенди кана какшаал жерине.
Салам берип арманын айтып боордош элине.
Отурсак дешип пааналап айылдын жакын ченине сурашкандаштар.
Журт беришкен ээй элиме.
Сүрдүккөн кийин келгенде.
Ошол Какшаалдын сыйбай ченине.
Жомоктоп айтчу карылар Какшаалга күндөрүн,
Кабылып ачарчылыка телмирип зарлап жүргөнүн.
Сатууга буюмун базарлага киргенин.
Бирине бири эстети өздөрү көрүп билгенин.
Баланын анда уккамын ошол калтырбай сөздүн бир жерин.
Кызыга кана караймын Какшаалдын менсинген тоолорун,
Корун койдой жайнаган уузган терең коолорун.
Дайрасын түрткөн тумшугу борчукту кара зоолорун.
Эстедим уккандарымды үркүндө элим болгонун.
Элестер көзгө тартылып.
Анан чабыттап чыктым ойлорун.
Уккамын көрдүм Какшаалдын үрккөн эл тентип баскан жер,
Кадам сайын азаптан салаалап жашың аккан жер.
Жан калкалап ылымта жарымы аскан жер.
Алты канат куурегин отун кылып жаккан жер.
Үңкүрлүү зоону пааналап жазданып кана ташын жаткан жер.
Союп сатып түгөтүп ажырап жандык малынан,
Жери шөбөлүп жылкылар үчтөн бир калган санынан.
Ачарчылык алкымдан жан багуунун айынан,
Туш туурдук килем шырдак кымбатпы асыл жаныңан.
Бир табак унга талканга ошол алмашкан кол жууп баарынан.
Добавить комментарий