Өмүр деген сүүйүм менен гүл ачып бакыт берет,
Бул өмүрдү өткөрсөм дейм бир өзүңө эркелеп.
Тагдыр бизди тандыбы сезимдер жандандыбы,
Сен сен сен, үмүт менен ак сүйүү арнадыңбы.
Кайырма:
Жандап өзүңдү мен жетелешип бирге баскым келет,
Тунук сезим менен кыялданып көккө учкум келет.
Жаным сен менен жан дүйнөм кенен,
Жүрөк эргип бакыт сезимдер сени менен.
Сүйүүм менен жашап келем бир өзүңө кылыктанып,
Алыстасаң издей берем башкалардан кызганып.
Тагдыр берген асылымсың көңүлүмө жакынымсың,
Сен, сен сен бакытымсың үмүт берген жанымсың.
Кайырма:
Добавить комментарий