Жол арбытып алыстан тойго келгиле,
Шарпылдаган суулардан кечип өткүлө.
Кунанбарбы чабышып, жорголорду салышып,
Медтиреген талаада байгелерди талашып.
Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кемуиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү.
Бийлегиле, жаштар, ай, бийлегиле,
Шапар тээп шаттанып жыргагыла.
Бириңен-бириң калышпай бийлегиле талыкпай
Айланада бүт баарың кошулгула тартынбай.
Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кемуиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү.
Обончулар, оболоп ырдагыла,
Булбул болуп баарыңар сайрагыла.
Таза чертип комузду, шаңдуу кошуп добушту,
Күлкү менен, ыр менен көтөрөлү көңүлдү.
Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кемуиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү.
Тойго, тойго келгиле, тойго келгиле,
Оюн-зоокко кошулуп ойноп кемуиле.
Көңүл ачып ар дайым бирге жүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү,
Мейман болуп тынчтыкта өмүр сүрөлү.
Добавить комментарий
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.